Талкуу:Энчилеш
Макаланын ориганылы:
Энчилеш айылы Ысык Көл областынын Ак суу районуна карайт. Караколдон чамасы отуз километр аралыкта, "Чаар балаты" деген тоонун этегинде жайгашкан аыйл. Караколдон сыртты (Эңгилчекти) көздөй бараткан таш жол менен Нововознесеновка айылына жетип, андан оңго бурулуп үч чакырымча жүрсөңүз дал Энчилешке келесиз. Энчилешти Боз Учук айылы деп да айтышат. Айрымдары Нововознесеновканы Боз учук дешет. Айылда Каратакыянын балдары турушат. Жайында малын жайлоого айдап, карапайым кыргыздар өздөрү картөшкө, буудай, арпа менен алек болушат, августка жакын чөп чабыш башталат. Бул маал өтө сонун кез. Ар кайсы жакта чыңалып жаткан чапкынын үнү, аңкыган чөптүн жыты, ар жакта көлөкө издеген жандыктар. Жарма куйган конистрин канжыгага байлап, печкага же дандырга бышкан нанын алып эркектер чөпкө жөнөшөт. Аялдар үй менен короодогу көр оокат менен алышып кеч кирет. Айылда илгери бир дүкөн, сегиз жылдык мектеби бар эле. Союз ураган кезде мектеп он жылдык болуп, көптөгөн майда дүкөндөр пайда болду. Элинин бою жапалдаш, мүнөзү ак көңүл, намыскөй, достук менен ишеничтин баркын билген, тамашакөй келишет. Кыз келинчектери сулуу жана акылдуу десек эч жаңылыштык болбойт. Айылдын жанынан Боз учук суусу агат. Суунун даамы сөз менен айтылгыс, укмуштуудай таттуу даам. Тоолору карагайлуу, "Тумшук", "Чаар балаты", "Алмалы", "Чортон", "Казбек" деген аттары бар. Жоктуктун айынан сарттардын камаздарын толтурабыз кайран эл далай карагайларды кыйып, токойлордун түбүнө жетишти. Бала кезде эшектерди чегип алып, жер чана менен отунга барчу элек. Ал кезде Жылуу сууну көздөй бараткандагы каыйң сосналар кандай ажайып көрүнчү эле. Азыр жалаң дүмүрлөр менен бирин серин куркуйган карагайлар.
Макаланын автору: [194.106.199.209]
Энциклопедиялык макала формасына ылайык оңдолгон.
«Энчилеш» жөнүндө талкууну баштоо
Талкуу барактарында, тийиштүү барактын мазмуну кеп кылынат. «Энчилеш» барагын башкалар менен талкууласаңыз болот.