Энчилеш

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Энчилеш - Ысык-Көл областынын Ак-Суу районуна караштуу Караколдон отуз километр аралыкта, "Чаар балаты" деген тоонун этегинде жайгашкан айыл.
Энчилешти Боз-Учук айылы деп да айтышат. Айылдын жанынан Боз-Учук суусу агат.
Айрымдары Нововознесеновканы Боз-Учук дешет.
Айылдын калкы мал кармап, картөшкө, буудай, арпа айдашат. Он жылдык орто мектеп бар.

Ысык-Көл областынын Ак-Суу районундагы Боз-Учук айыл өкмөтүнө караштуу кыштак, «Калматай» айыл өкмөтүнүн аймагында. Ысык-Көл өрөөнүнүн чыгыш тарабында, Тескей Ала-Тоонун түндүк этегинде, Боз-Учук суусунун (Жыргалаң суусунун сол куймасы) сол өйүзүндө жайгашкан.

Райондун борборунан Теплоключенка кыштагынан 30 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол станциясынан 260 км аралыкта.
Боз-Учук кыштагы 1900-жылы негизделген. Калкы 2000ден ашуун адам. Негизинен мал чарбасында жана айыл чарбасында эмгектенишет. 11жылдык мектеп, айылдык медициналык тейлөө бөлүмү иштейт.

Боз-Учук айылы борбордон алыс жайгашкан, бирок өзүнүн көркөм сулуулугу, абасынын тазалыгы, жаратылышынын кооздугу менен келген адамды өзүнө тартып турат. Тоодо карышкыр, түлкү, кашкулак, аюу ж.б. көптөгөн жаныбарлар жашайт, өзгөчө жаз келгенде куштардын таӊ эрте кубулжута сайрашы, шар аккан суунун үнү адам баласынын көӊүлүн көтөрүп ден соолуктун таза болушуна себепчи болушат.

Алтын Булак деп аталган жылуу суусу бар, суунун температурасы 20-30°С жетет. Cуу жергиликтүү элге илгертеден белгилүү. Булак түрүндө борбордук бөлүгү граниттерден түзүлгөн антиклинорийдин түндүк капталындагы тектоникалык жарака аркылуу жер бетине чыгат. Булактардын дебити 1,72 л/сек. Химиялык курамы, физикалык касиети аз минералдашкан (0,8г/л), азоттуу (99%), сульфат-хлорит-натрий-кальцийлүү арашан сууларына кирет. Суунун температурасы 28-30°С. Түссүз жана даамсыз, бир аз күкүрттүү суутек жыттанат. Составында литий,стронций жана башкалар бар. Суудагы биологиялык активдүү компоненттер: эркин түрүндөгү СО2 (7 мг\л), Н2S (7мг/л), кремний кислотасы (38 мг\л) жана радон (43,9 эман).

Боз-Учук минералдуу суусунун дарычылык касиети боюнча белгилүү Кулдур (Хабаров крайы) минералдуу суусуна окшош. Суу менен муун, таяныч органдарын, нерв, ашказан, тери жана гинекология ооруларын, рак оорусун дарылоого болот. Бирок учурда курорттун имараттары иштен чыгып калды.

Боз-Учук айылынын жаратылышы адам баласы таӊ каларлык кооздукта. Тоолору тээ алыстан эле Боз-Учук айылына көрк берип, жапжашыл карагайлуу, ак карлуу чокулары менен көзгө көрүнөт. Токойго көрк берген Боз-Учук токой чарбасынын эксперимент жүргүзүүчү участкасы бар. Анда карагайлардын ар кандай жаңы сорттору өстүрүлөт. Бул тоолуу токойлордо сүт эмүүчү жаныбарлардын көптөгөн түрлөрү жашайт. Өсүмдүктөрдүн ар түрдүүлүгү, гүлдөп өсүшү Боз-Учуктун ажарын абдан ачат.