Талыш тоолору

Википедия дан

Талыш тоолору, Талыш Кавказдын түш,- чыгышында. Азербайжан Республикасынын Иран менен чек арасын бойлой созулат. Кичи Кавказ тоо системасынын уландысы. Too аралык өрөөндөр менен бөлүнгөн узатасынан кеткен 3 кырка тоодон (Талыш суу бөлгүчү, Пештасар жана Буровар кырка тоолору) турат. узундугу 100 кмдей, бийиктиги 2477 м (Камаркух чокусу). Сейсмдүүлүгү жогору. Тоонун чыгыш капталдарында субтропик жазы жалбырактуу токойлору өсүп, 600 мден жогору бук, эмен жана граб, бийик тоодо шалбалуу талаа өсүмдүктөрү кездешет; батышында ксерофит өсүмдүктөрү өсөт. Аймагында 2003-жылы Гиркан улуттук паркы уюштурулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]