Тамактануу гигиенасы

Википедия дан

Тамактануу гигиенасыгигиенанын дени сак адамдын жетиштүү жана рационалдуу тамактануусун изилдөөчү бөлүмү.

Диетология[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оорулуулардын тамактануусун жана мүнөздөп тамактануу принциптерин диетология (Диета) изилдейт.
Тамактануу гигиенасынын изилдөөлөрү адамдын эң жагымдуу тамактануу иретин, мүнөзүн иштеп чыгууга, тамак-ашта тигил же бул заттын жетишсиздигинен же тамак-аш менен оору чакыруучу микроорганизмдердин, уулардын, түрдүү химиялык заттардын организмге киришинен болуучу оорулардын алдын алууга багытталган. Дени сак адамдын тамактануусун изилдөөдө анын жашы, кесиби, тиричилик шарты, улуттук, климаттык-географиялык өзгөчөлүктөрү жана башкалар эске алынат. Тамактануу гигиенасысы тамактануунун нормаларын, авитаминоз жана гиповитаминозду алдын алуу чараларын (Витамин жетишсиздиги) иштеп чыгат. Анын негизги маселелеринин бири түрдүү кесипте иштеген кишилердин энергияны сарптоосун жана алардын организми белокту, майды, углеводду, минералдык туздарды, витаминдерди талап кылуусун изилдөө болуп саналат.
Тамактануу гигиенасысы коомдук тамак-аш ишканаларында, тамак-аш өнөр жайларында жана соода тармактарында азыктардын сапатын контролго алат; тамак-аштан уулануунун алдын алууга багытталган чараларды иштеп чыгат, жаңы пайда болгон тамак-аштардын химиялык составын, биологиялык баалуулугун, калориялуулугун изилдейт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8