Тамилдер

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Тамилдер.

Тамилдер - Түштүк Азиядагы эл. Индия, Шри-Ланка, Малайзия, Бирма, Сингапур, Австралия жана Океа- нияда жашайт. Саны 47 млн (1975). Тамил тилинде сүйлөшөт. Көбү - индуизм, азы - ислам динин тутат.

Тамилдер антропологиялык жактан түштүк-индия расасына кирет. Дравиддер (негизинен Түштүк Индияны мекендеген телугулар, малаяли, каннара ж. б. элдер) менен байланыштуу келип чыккан. Б. з. ч. 3-кылымда эле Тамилдердин Чола, Чера жана Пандья мамлекеттери белгилуу болгон. 14-кылымда Тамилнад («тамиль жери») Вижаянагар империясынын бир бөлүгүнө айланган. Тамилдердин 80 %и айыл чарбада иштейт. Кол өнөрчүлүк, искусство өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.