Тамыр буттуулар

Википедия дан
Тамыр буттуулар.

Тамыр буттуулар (лат. Rhizopoda) – саркодиялар типчесиндеги жөнөкөйлөрдүн чоң классы. Дене чоңдугу бир нече мкмдан 3 ммге (кээ бир фораминифералардыкы 2–3 смдей) жетет. Кээ бир түрлөрү азыгын кармоочу жана кыймылдоочу органеллалары – псевдоподиялары менен катар убактылуу шапалакчаларды пайда кылат. Көпчүлүк тамыр буттууларда (раковиналуу амёбалар, фораминифералар) раковина түрүндөгү сырткы скелети болот. Экиге бөлүнүү жолу менен көбөйөт, кээ бир фораминфераларда жыныс процесси бар. Тамыр буттуулардын 8 классы (анын ичинде амёбалар жана фораминифералар) деңизде жана тузсуз сууларда, сфагн мамык чөбүндө жана топуракта кеңири таралган, мите түрлөрү да бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]