Тана көлү

Википедия дан
Тана көлү.

Тана көлү, Цана, Дембеа Чыгыш Африкада. Эфиопия тайпак тоосундагы лава менен тосулуп калган чуңкурдукта, 1830 м бийиктикте жайгашкан. Аянты 2156 км2. Тереңдиги 14 мге чейин. Көлгө 50дөн ашык суу куят. Ириси – Кичи Аббай. Көлдөн агып чыккан Көк Нил (Аббай) дарыясына плотина менен ГЭС курулганга чейин аянты сезонго жараша өзгөрүлүп турган (3100–3600 км2). Аралдары көп. Балык кармалат. Кеме жүрөт. Жээгинде Бахр-Дар, Горгора шаары бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]