Көк Нил

Википедия дан
Көк Нил.
Көк Нил.

Көк Нил, Бахрэль Азрак (арабча бахр — дарыя жана азрак — көк) — Эфиопия менен Судандын аймагындагы дарыя. Нилдин оң куймасы. Узундугу 1600 км. Тана көлүнүн түштүгүрөөк жагындагы Чоке тоосунун түштүкчыгыш капталынан Кичи Аббай деп башталып, Тана көлүнө куят. Көлдөн Аббай дарыясы агып чыгып, Судандын аймагында Көк Нил аталат. Тана көлүнөн 20 км төмөн Тис-Эсат шаркыратмасы (бийиктиги 45 м) бар. Аббай дарыясында узундугу 500 км, тереңдиги 900—1200 м жана эни 100—200 м келген каньон бар. Негизги куймалары — Рахат жана Диндер. Хартум шаарынын түндүгүндө Ак Нил менен кошулуп, Нил дарыясын түзөт. Көк Нил жамгырдан куралып, жылдык чыгымы өтө өзгөрүлүп турат: Хартум шаарынын жанында, февралда 127 м3/сек, августта 5822 м3/сек. Жылдык орточо чыгымы 1650 м3/сек. ГЭСтер жана суу сактагычтар курулган. Дарыянын чатынан 580 км жогору кеме жүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]