Таннин

Википедия дан

Таннин (фр. tannin, tanner — терини ийлөө) — өсүмдүктөр курамында кеңири таралган фенол бирикмелери группасына кирүүчү зат. Т. белоктор жана кээ бир табигый полимерлер (целлюлоза, пектин заттары) менен бекем байланышкан жана өңдөөчү заты бар өсүмдүктүн кабык, жалбырак жана мемөлөрүндө кездешет. Т. химимялык  түзүлүшү өтө татаал зат, анын курамында глюкоза татаал эфирлери болот. Т. ачык саргыч түстөгү аморфтуу күкүм, суу, глицерин, уксус эфиринде эрийт. Хлороформ,бензол, көмүртек сульфиди жана суусуз спиртте эрибейт. Туз, күкүрт, фосфор к-талары жана NаСl, КСl, СН3 ,СООК Суудагы эритмелери менен таасир эткенде чөгөт. Сууда эригенде коллоиддик эритмени берет. Ысытканда пирогалоллду бөлүп чыгуу менен ажырайт. Щелочтуу эритмеде окистенип кара түскө өтөт. Щелочтуу эритмеси жез оксидин жана асыл металлдар туздарын калыбына келтирет. Белок менен кошулуп альбуминатты пайда кылат. Т. тери өңдөөдө, кездемелерди боёдо жана мед-да ангина, күйүк, жара (язва), ошондой эле сымап, күмүш, коргошун туздары менен уулануудан айыктырууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]