Тарих-и Кыргыз Шадмания

Википедия дан

(«Шабданга багышталган кыргыз тарыхы») – кыргыз элинин туңгуч агартуучусу ж-а тарыхчысы Осмонаалы Сыдык (Кыдык) уулунун 1914-ж. Уфа шаарында бастырып чыгарган чакан энциклопедиялык эмгеги. Эмгек сарыбагыш уруусунун манабы Шабданга багышталып, мазмуну б-ча «Мухтасар Тарих-и Кыргызия» («Кыргыздардын кыскача тарыхы») аттуу китебинин кеңейтилип жазылган варианты болуп эсептелет. Осмонаалы молдо китептин башталышында казал-насыят түрүндө тарыхты билүүнүн зарылдыгы ж-дө айтып, наадандыктан кутулуунун жолу илим-билим экендигин көр-гөзөт ж-а кыргыздардын башка маданияттуу элдерге теңелишин эңсейт. Китепте кыргыздардын Тагай деп аталган сарыбагыш, солто, бугу, моңолдор, черик, саяк ж-а азык урууларынын тарыхы – санжырасы баяндалган. Түрк урууларынын таралышы ж-дө жазганда Осмонаалы молдо Абу-л Гази Бахадур хандын «Шажара-йи Түрк» эмгегине таасирленгени байкалат. Санжыранын кыргыз урууларына тиешелүү бөлүгү башкаларга караганда кыйла так берилген. Кыргыз урууларынын санжырасынан сырткары «Т.-и к. Ш.» китебинин оригиналдуу бөлүгү катары Осмоналы молдонун өзүнүн замандаштары тууралуу жазганын көрсөтүүгө болот. Орус оторчул бийлигинин учурундагы кыргыз коомундагы илим-билимдин жанданышы, оокаттуу ж-а башкаруучу чөйрө- дөгүлөрдүн арасында жаңы катмардын пайда боло башташы ж-дөгү маалыматтар Осмонаалы молдонун эмгегинин баалуулугун арттырат. Китепте манап Шабдан баатырдын ишмердиги, эл үчүн кылган кызматтары баяндалган. Ушул китепте орун алган «Шабдан баатыр казалы» поэмасында Шабдандын кайтыш болгондогу аза күтүү, баатырдын жасап кеткен иштерин даңктоо ж-а аны узатууга катышкан кыргыздын белгилүү адамдары ж.б. окуялар ыр м-н жазылган. Китептин акыркы бөлүгүндө казак элинин, дуңгандардын тарыхы ж- дө азыраак маалыматтар берилген. Осмонаалы Сыдык уулунун бул эмгегин 1990-ж. проф. Хусеин Карасаев кыргыз тилинин азыркы орфографиясына которуп, баш сөзү м-н «Тарих кыргыз Шадмания», «Кыргыз санжырасы» деген аталышта кайрадан бастырып чыгарган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айрым интернет шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]