Тар капчыгайы

Википедия дан

Тар капчыгайыФергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталында түштүк-чыгыштан түндүк-батышка Тар суусу аккан багытта 35–40 кмге созулат (Ой-Тал жана Ылай-Талаа кыштагынын аралыгында). Капталдары тик, таманынын жазы жери 1,5–2,0 км, кууш жери 300–500 м. Таманынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2200 м. Капчыгай ортонку палеозойдуң акиташ теги, кумдук, сланец ж. б. тектерин суу жеп кетишинен пайда болгон. Төмөнкү бөлүгүнүн таманы төртүнчүлүк мезгилдин чөкмө тектерине толгон. Жогорку бөлүгүндө ал тектер жокко эсе. Капчыгайдын капталдарында жарым чөл, кургак талаа жана талаа ландшафттары жалама, тик аскалуу беттер менен айкалышып жатат. Таманынын айрым жеринде сейрек бадалдуу токой кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]