Таскыл

Википедия дан

Таскыл "Манас" эпосундагы топоним. "Манастын Орго кан менен болгон согушу" эпизодунда Манастын аскери турган жер катары сүрөттөлөт.

Туу, байрагы кошулуп

Кылкандай найза кылкылдап,

Таскылдын ара талаасы

Аскерге толуп былкылдап (Сагымбай Орозбаков, 2. 80).

Таскыл — "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, Кайыпкандын аяры. Сыйкырлык менен кереметтүү сарайга айланып, капчыгайды бөгөп, Кайыпкандын колунун жолун тосуп турган Бадаң аярга Т. аяр каршы барып, экөө түрдүүчө кубулуп көпкө кармашат. Акыры Т-дын аярлык өнөрү күчтүүлүк кылып Бадаңды жеңет (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 501—511-б.).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4