Тастар-Ата

Википедия дан

Таштар-Ата"Манас" эпосундагы топоним. Жер соорусу Ысык-көлдүн тескейи Тоң районунун аймагында. Тоң, Кажы-Сай, Көл-Сай, Көл-Бел өрөөндөрүнүн аралыгында. Тоонун бийиктиги деңиз деңгээлинен 3908 м. Эл оозунда тоонун туу чокусундагы тике турган таштарды Манастын кырк чоросу, ортосу чуңкур чоң ташты (анда жайкысын суу өксүбөйт, себеби жаан-чачындан таштын чуңкуруна толгон суу бууланып кургагыча күн кайрадан жаап суу толукталып турат) Манастын казаны, таш менен тегерете курчалган үй ордундай жерди Манас отуруп, кароол салып Каркыра тарапты караган жери деп айтышат. андан сырткары манастын чоролору менен топтолгон жердин аты

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4