Тата
Тата Солто бийдин уулу Чаа бийдин кичүү уулу болгон. Уламышта, Чаа бий улгайып калган кезде Чымкент тараптан Тату деген казактын бийинин кызына үйлөнөт. Болжол менен 1720-1730 жылдары эркек балалуу болот. Таякелерин унутпай жүрсүн деп атын «Тата» коет. Тата өзү тогуз баланын атасы болот: Абыл, Айтике, Анылдак, Токобай, Кулубай, Конуш, Бобуш, Соно, Кенжебай.
Тата айылдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Татанын урпактары негизинен Чуй боорунда Аламүдүн районунун Кызыл-Бирлик, Кара-Жыгач, Көк-Жар, Беш күнгөй айылдарында, Ысык-Ата районунун Жайылма (Люксенбург), Ак-Кудук айылдарында, Жайыл районунун Монолдор айылында, Москва районунун Мураке, Ак-Башат айылдарында, Сокулук районунун Кызыл-туу айылында отурукташкан.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Биринчилерден болуп Таталардын санжырасын изилдеп китеп кылып чыгарган Бегалиев Касымбек болгон. Тата балдары, агалары Бөлөкбай (Каракчы), Талкан, Жоочалыштарга кошулуп Ала-Тоодон жунгар-ойрот, калмактарды сүрүп чыгарууга коп салым кошкон. Ошондой тополон заманда бир баласы таякелери жактан бир казактын бийинин жалгыз кызын алып ошол жакты мекендеп калган. Ошол баласынан тараган балдар азыркы күнгө чейин биз кыргызбыз анын ичинен «Тата» деген уруудан болобус деп унутушпайт. Таталар 1770 жылдагы Жайыл баатырдын аскерлери менен бирге Казактын Аблай ханынын 30 мин колуна каршылык көрсөтүп өз жерин Чүйду коргоого чон салым кошушкан. Аблай хандын колдорун адегенде Меркеде, анан Жыламышта акыры Жайылмада тосушкан. Жайылмада негизинен Таталар отурукташкан. Жайылмада чон кырылыш болуп Жайыл батыр өз уулдары менен колго түшөт. Ошондуктан Жайылма «Жайыл майданы» дегенден калган сөз бар. Көптөгөн талкандардын, Таталардын мыктыларын Аблай хан туткун кылып алып кетет. Жогорудагы айтылган казактардагы көп кыргыздардын бардыгынын негидеринин бири болуп Жайыл кыргыны эсептелинет. Таталарды Караганды, Торгой, Ак-Төбө, Кызыл-Ордо областарынан кездештирүүгө болот. Татадан чыккан Шайбек батыр өзүнүн Нар-Кызыл деген аты менен далай душмандардын мизин кайтарган деген сөз эл оозунда айтылып жүрөт.
- Таталардын урааны: Солто! (эски урааны жалпы солтонукундай Каратал!).
- Тамгасы: Ай Тамга (жалпы солтонуку).
Тата элинен чыккан белгилүү инсандар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Совет доорунан бери Тата уруусунан далай белгилүү мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар, окумуштуулар, чон ишмерлер чыккан:
- Табалдинов, Каратал - Кыргыз Республикасынын (КР) июстиция министири болгон, 1937 жылы каза болгон;
- Кондучалова, Кулуйпа – көп жылдар бою КР маданият министри, тышкы иштер министри болгон, Кыргыз эл баатыры;
- Тууганбаева, Клара – КР соода министринин орун басары болгон;
- Жунушалиев, Бекмурза - Кирпотребсоюздун жетекчиси болгон;
- Бейшенов, Самат - КР женил өнөр жай министринин орун басары болгон;
- Абдрахманов, Дүйшенбек - «Эмгек кызыл туу» орденинин ардагери болгон;
- Абдылдаев, Мыктыбек – милицианын генерал-лейтенанты, КР генералдык прокурору, КР Президентинин аппарат экс-жетекчиси, азыр Жогорку Кенештин төрагасынын орун басары;
- Мамеев, Аскар – генерал-майор;
- Юсупов, Насир – АО «Ала-Тоо» директору, «Заслуженный строитель» КР;
- Солпиев, Тойчубек – медицина илиминин доктору, профессор, Республикалык тиш клиникасынын башкы врачы;
- Жаманбаев, Мураталы – математика илиминин доктору, профессор, Инженердик академиясынын академиги, «Заслуженный работник образования» КР, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин экс-ректору;
- Бегалиев, Болот – Берекет базарын негиздөөчүсү жана президенти;
- Кожомкулов, Улан – Кант бизнесинде, Кайынды кант заводунун учредительдеринин бири;
- Калыев, Естебес -
- Исаев, Урмат – КР «Апрель элдик революциясынын баатыры»;
- Кыштобаев, Улан – КР «Апрель элдик революциясынын баатыры».
Тата менен байланыш топонимдер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Москва районунун Ак-Башат айылынын тоо жагында "Татанын конушу" деген жер бар.
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ...