Мазмунга өтүү

Ташиев Кулназар

Википедия дан

Ташиев Кулназар [24. 4. 1919, Ош областы, Куршаб (азыркы Өзгөн) району, Куршаб айылы - 16. 12. 2000, Бишкек] - советтик, партиялык жана мамлекеттик ишмер. Улуу Ата Мекендик согуштун (1941-45) катышуучусу.

КРдин айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер (1995). Фрунзедеги С. М. Киров атындагы Кыргыз коммунисттик айыл чарба мектебияен окуган (1937-39). 1936-жылдан Кыргызстан ЛКЖС Куршаб райкомунун бөлүм башчысы, Кыргызстан КП Куршаб райкомунун 2-секретары (194649), Куршаб райондук аткаруу к-тинин төрагасы, Ош областы айыл чарба башкармалыгынын начальниги (1949-51), Кыргызстан КП Араван райкомунун 1-секретары, Жалал-Абад областы аткаруу к-тинин төрагасы (1951-59), Кыргызстан КП Өзгөн, Ош (1959-63), Ленин (1963-69) райкомдорунун 1-секретары, Кыргыз ССР соода министри (1969-76), КР Министрлер кеңешинин иш башкаруучусу (1976-80), Жаратылышты коргоо боюнча Кыргыз коомун пропагандалоо бөлүмүнүн начальниги (1980-85) болуп иштеген. Согуштун, эмгектин жана Куралдуу күчтөрдүн ардагерлеринин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары, төрагасы (1991-2000). СССР Жогорку Советинин (4чакырылышынын), Кыргыз ССР Жогорку Советинин (5 жолку чакырылышынын) депутаты. 1945-ж. Улуу Ата Мекендик согушта япон армиясына каршы согушкан эрдиги учун И. В. Сталинден алкыш алган. Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 50 жылдыгына карата Москвада өткөн Кызыл аянттагы парадга катышкан. Эки Ленин, Кызыл Жылдыз, Эмгек Кызыл Туу, 2-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери жана «Даңк» ж. б. медалдар менен сыйланган. Ысмы Өзгөндөгү № 62 кесиптик лицейге, Бишкек шаарынын бир көчөсүнө ыйгарылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4