Таштемиров Жаки

Википедия дан

Таштемиров Жаки (1913–1988) - адабиятчы, жазуучу, акын.

Жаки Таштемиров Чүй районундагы Он-Бир-Жылга айылында 1913-жылы 15-октябрда туулган.
1931-жылы Токмоктогу айыл чарба техникумуна өтүп,
1932-жылы Фрунзедеги зооветеринардык институттун даярдоо бөлүмүнө которулуп, оорунун айынан 1936-жылы окууну таштоого мажбур болгон.
Бир нече жылдар аралыгында Ж.Таштемиров мугалим болуп иштеп окууну сырттан окуган,
1947-жылы Кыргыз мамлекеттик пединститутун, 1951-жылы СССР ИАнын Тил адабият институтунун Кыргыз филиалынын аспирантурасын бүтүргөн.
1953-жылы Тоголок Молдонун чыгармачылыгы боюнча диссертациясын жактап, кыргыз адабиятын изилдөө багытында көп эмгектенген.
Биринчи китеби болуп, 1950-жылы жарыкка чыккан «Эмгекте» аттуу аңгемелер жана очерктер жыйнагы эсептелет. Ал бир катар повесттер жана аңгемелердин, поэтикалык жыйнактардын, кыргыз адабият таануу тармагындагы монографиялардын жана көп сандаган макалалардын автору. Ал Токтогул Сатылгановдун, Тоголок Молдонун эки томдуктарынын, Ш.Термечиковдун, А.Тыныбековдун чыгармаларынын, «Кедейкан» эпосу-нун түзүүчүсү.
1947-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
1981-жылы «Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамын алган.
«1941–1945-жж. Улуу Ата Мекендик согуштагы каармандыгы үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эм-геги үчүн» медалдары, Кыргыз ССР ЖКнын Ардак грамотасы менен сыйланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Эмгекте: Аңгемелер, очерктер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1950. – 124 б.

Таалайлуу балдар: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952. – 72 б.

Аскарбек: Аңгеме. – Ф.: Кыргызмамбас, 1953. – 56 б.

Алтын булак: Повесть. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1956. – 142 б.

Тоголок Молдонун чыгармачылык жолу. – Ф.: ИА Кырг. ССР, 1956. – 83 б.

Биздин команда: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1957. – 118 б.

Тоголок Молдонун чыгармачылык жолу. – Ф.: ИА Кырг. ССР, 1957. – 118 б.

Беш ысымдуу адам: Сатиралык аңгемелер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1959. – 140 б.

Таалайбек: Повесть. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 96 б.

Тоголок Молдо: (1860 – 1960). – Ф.: 1960. – 33 б.

Жүрөк сыры: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1963. – 106 б.

Данканай: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1964. – 296 б.

Токтогул жана кыргыз адабияты. – Ф.: Кыргызстан, 1964. – 100 б.

Советтик Лениниана жана кыргыз адабияты. – Ф.: Кыргызстан, 1969. – 184 б.

В. И. Лениндин образы кыргыз поэзиясында. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 184 б.

Чоң эне менен Айгүл: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1974. – 106 б.

Кыргыз поэзиясы тууралуу айрым ойлор: Адабий-сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 204 б.

Токтогулдун акындык чеберчилиги. – Ф.: Илим, 1975. – 188 б.

Токтогул жана оозеки чыгармачылыгынын традициялары. – Ф.: Илим, 1976 – 148 б.

Жакшы кеңеш: Сатиралык аңгемелер. Ф.: Кыргызстан, 1979. – 152 б.

Кимиси күчтүү: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1980. – 14 б.

Токтогул жана акындык поэзия. – Ф.: Илим, 1980. – 173 б.

Менин башымдан өткөн окуялар: Аңгемелер: – Ф.: Мектеп, 1983. – 103 б.

Өчпөс нур: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 176 б.

Биздин команда: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1957. – 118 б.

Момундун сыйкыр таягы: Жомоктор. – Ф.: Адабият, 1989. – 64 б.

Токтогулдун айтыштарынын өзгөчөлүгү: Адаб. изилдөөлөр. – Ф.: Ада-бият, 1989. – 104 б.

Токтогул (Сатылганов): Чыгармаларынын эки томдук жыйнагы. 1-2-том. – Ф., 1964.

Орус тилинде

Тоголок Молдо: – К 100-летию со дня рождения. – Ф.: Киргизгосиздат, 1960. – 19 с.

Кто сильнее?: Сказка. – Ф.: Мектеп, 1982. – 16 с.