Таштемиров Усман

Википедия дан

Таштемиров Усман - акын.

Усман Таштемиров Араван районундагы Чоң-Абад айылында 1940-жылы 30-январда туулган.
1972-жылы Ташкент мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн сырттан окуп бүтүргөн.
Эмгек жолун 1958-жылдан Мичурин атындагы мектеп-интернатта көркөм жетекчи болуп иштөөдөн баштаган.
1959-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтуна кирип,
1962-жылы аскерге кеткен.
1962-жылы райондор аралык «Гүлбара байраги» гезитинде кабарчы,
1967–1970-жж. облустук «Ленин йули» гезитинде адабий кызматкер,
1971–1975-жж. «Өзбекстан кишлок хужалиги», «Гулистон» журналдарында эмгектенген.
1976–1982-жж. «Ленин йули» гезитинде,
1983–1984-жж. Бабур атындагы Өзбек музыкалык драма театрында бөлүм башчы,
1985–1987-жж. сүрөтчү,
1987–1993-жж. «Ош садоси» гезитинде адабий кызматкер, жооптуу катчынын орунбасары,
1996-жылдан Араван райондук «Дуслик» гезитинин жооптуу катчысы,
1997-жылдан менчик адабий көркөм «Илхом» гезитинин ээси жана башкы редактору болуп иштеп келе жатат.

Усман Таштемировдун алгачкы чыгармасы 1958-жылы өзбек тилиндеги «Киргизстан хакикати» гезитинде басылып, андан бери чыгармалары өзбек жана кыргыз тилдеринде Кыргызстандын жана Өзбекстандын гезит-журналдарына, альманахтарына жарыяланып келген. Ал көптөгөн акын-дардын ырларын кыргызчадан өзбекчеге которгон.
1987-жылдан Журналисттер союзунун, ошол эле жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.
У.Таштемиров 1965-жылы «Жеңиштин 20 жылдыгы» медалы менен сыйланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Көрүндүк: Ырлар. – Б., 1988. – 160 б.

Өзбек тилинде

Океандан соккон жел: Ырлар. – Ташкент, 1969. – 92 б.

Аяз атанын каалоолору: Ырлар жана поэмалар. – Ташкент, 1976. – 42 б.

Эртеңкиге жол: Аңгемелер. – Ташкент, 1976. – 178 б.

Чыгыштан кат: Ырлар, поэма. – Ташкент, 1977. – 60 б.

Сени сагындым: Ырлар, поэма. – Ташкент, 1982. – 68 б.

Автобиография: Ырлар. – Ташкент, 1987.