Мазмунга өтүү

Таштемир Айтбаев

Википедия дан
Айтбаев Таштемир Сыдыгалиевич

Айтбаев Таштемир Сыдыгалиевич (27.11.1943-ж.туулган, Нарын облусу, Ак-Талаа району, Тоголок Молдо айылы) - генерал-лейтенант (2000). Москвадагы Бауман атындагы техникалык жогорку окуу жайын (1967), Алматы Жогорку партиялык мектебин (1981) бүткөн. 1961-62-ж. Москва шаарындагы И.А.Лихачев атындагы заводдо слесарь-ширетүүчү, 1967-82-ж. Кыргыз ССР жергиликтүү өнөр жай министрлигинин пластмасса буюмдар заводунда улук конструктор, башкы технолог, комсомолдун Свердлов райкомунун экинчи, Биринчи май райкомунун биринчи, Кыргызстан ЛКЖС Бишкек шааркомунун 2-секретары, Кыргызстан ЛКЖС БКнын инструктору, үгүт-насыят боюнча секретары, 1-секретары. 1982-86-ж. СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин улук инспектору, Кыргыз ССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары, 1-орун басары, 1986-95-ж. Кыргызстан КП Ош обкомунун өнөр жай-транспорт, социалдык-экономика бөлүмдөрүнүн башчысы, Ош облустук элдик контроль комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу, Кыргызстан КП Нарын обкомунун 1-катчысы, Кыргызстан КП БКнын катчысы, «Кыргызавтосервис» мамлекеттик акционердик коомунун генералдык директорунун орун басары, вице-президенти, 1995-99-ж. КРнын Ички иштер министринин орун басары, 1999-2000-ж. КРнын Улуттук коопсуздук министри, 2000-02ж. КРнын Ички иштер министри, 2002-05-ж. КРнын Юстиция министринин орун басары, 2005-06-ж. КРнын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты (197590). «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1