Таш-Көмүр үңкүрү

Википедия дан
Таш-Көмүр, үңкүр‎»‎ барагынан багытталды)

Таш-Көмүр үңкүрү – мезолит мезгилине таандык археологиялык эстелик. Узунакмат тоосунун акиташ теги чыккан жеринде, Кара-Суунун (Нарындын оң куймасы) чатынан 0,5 км өйдө (сол жээгинде) жайгашкан.

Анын узундугу 14,5 м, туурасы 6,5 м (жазы жери), оозунун бийиктиги 6 м. Кире беришинде туурасы 5,5 м келген ыңгайлуу аянтча бар. Изилденген жерден (1,1 м тереңдиктен) көп таш курал, кыргыч, кичинекей пластина, урчуктуу таштар табылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]