Узунакмат тоосу

Википедия дан

Узунакмат тоосу - Батыш Теңир-Тоодо. Талас Ала-Тоосунан меридиан боюнча Кетментөбө ойдуңун көздөй созулат. Чыгышынан Узунакмат, батышынан Каракулжа өрөөндөрү менен чектешет. Узундугу 40 км, туурасы 14 км. Орточо бийиктиги 3150 м, эң бийик жери 4165 м (Көккарагай). Неоген-төртүнчүлүк мезгилинде Талас – Фергана тектоникалык жаракасы боюнча пайда болгон мегантиклиналь. Узунакмат жана Карадарыя грабеньсинклиналынын ортосунда. Тоо капталдарында байыркы мөңгүлөрдүн аракетинен пайда болгон тик, кыска тепши сымал өрөөндөр арбын. Алардын башы аскалуу жабык төрлөр менен курчалып, анын таманында азыркы мөңгүлөр (узундугу 0,2–1 км, кар чегинин бийиктиги 3700 м) жатат. Мөңгүлөрдүн жалпы аянты 6,8 км2,анын 4,6 км2 түндүк-чыгыш капталында.Тоонун этегинде эшилген кумдардын, корумдардын шилендилери көп аймакты ээлейт. Негизинен соңку протерозойдун филлит, алевролит, кумдук, сланец тоо тек катмарларынан турат. Узунакмат тоосунда Семизбел (2600 м бийиктикте) ашуусу бар.

Кургак талаа (1300–2000 м), кылканактуу түркүн чөптүү токойлуу шалбаа жана талаа (2000–2800 м), субальп шалбаалуу талаа (2800–3200 м), альп шалбаа (3200 – 3500 м), нивалдык-гляциалдык (3500 мден жогору) ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.