Таш Өбөк

Википедия дан

Таш Өбөк — ат үстүндө үңкүйүп (өңкөйүп, өбөктөп) уктоо. Эки колун бооруна кайчылаштыра ээрдин кашын карай өбөктөп отурган абал да Т. ө. делген. Мисалы, "Манас" эпосунда Коңурбай Чоң-Бээжинге кире албай Манасты аңдып жүргөндө, ошол күнү кезеги келип Манасты кайтарган Ажыбай Т. ө. салып уктап калып Коңурбайды өткөрүп жибергени төмөнкүчө сүрөттөлөт:

Ат үстүнөн найзасын

Кара жерге уруптур,

Таш өбөктү салыптыр,

Найзасына жөлөнүп

Карт күрөңдүн үстүндө

Катуу уктап калыптыр (Саякбай Каралаев, 2. 170).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4