Таеквондо

Википедия дан
Таэквондо‎»‎ барагынан багытталды)

Таеквондо (корейче: 태권도; таэ – бут менен сокку жасоо, квон – муштум, до – искусство) - Түштүк Кореянын улуттук спорту болуп эсептелет. Таек (태) - бут, вон (권) - тебуу, до (도) - күч менен, - дегенди түшүндүрөт.
Таеквондо Кореянын улуттук спорту болуп эсептелет.Таек-бут, вон-күч менен, до-тебүү дегенди билдирет.Бул спорт олимпиадалык спорттун түрүнө кирет. Таеквондо эки түргө бөлүнөт. Биринчиси таевондо wtf, экинчиси таеквондо itf. Таеквондо wtf Түштүк Кореянын, ал эми таеквондо itf Түндүк Кореянын улуттук спорту болуп эсептелет. Бул спортко катышкандар үчүн белгилүү бир убакыт аралыгында экзамен болуп турат, экзаменден кулабагандар жогорку темпке көтөрүлөт. Ак, сары,жашыл,көк,боз,кызыл,кара куруларды алышып, бул спроттун жогорку чегине жетишет. Кореяда улуттук спорт болуп эсептелингени менен, дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде бул спорт жылдан-жылга өсүп-өнүгүүдө.Анын ичинде, Кыргызстанда да жогорку денгээлге көтөрүлүп жатат. Алсак, Бишкек шаарында ондогон , мындан сырткары Ош, Баткен , Чүй, Ысыккөл ж.б.аймактарында жакшы жолго коюлган бул спорт. Жыл сайын эл аралык, республикалык мелдештер өткөрүлүп турат. Бул спорт олимпиадалык спорттордун катарына кирет.


Таэквондо (корейче таэ – бут менен сокку жасоо, квон – муштум, до – искусство) – чыгыш спортунун бир түрү. Таэквондо мелдешинде колго караганда бут менен сокку жасоо көбүрөөк колдонулат. Аны окутуу бир катар дисциплиналар аркылуу жүргүзүлөт (тхыль, массоги, туги ж. б.). Таэквондодо курлар 10 разряд (кып), 9 даража (дан) боюнча берилет. Олимпиялык оюндардынпрограммасына киргизилген (2000). 1948-ж. Кореяда пайда болгон. 1955-ж. эл аралык Таэквондо федерациясы түзүлгөн. Кыргызстанда Таэквондо 1982-жылдан өнүгө баштап, 1990-ж. федерациясы уюшулган (учурдагы президенти Э. Хегай). 1994-жылдан КМДТИде Таэквондо боюнча машыктыруучулар даярдалат. Кыргызстандын спортчулары Ю. Пак, А. Катренко, Н. Мамбеталиева, А. Романова У. Аспеков, Р. Солтобаев ж. б. мыкты ийгиликтерге жетишкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]