Таңгуттар

Википедия дан

Таңгуттар - Тибет-бирма тил тобунда сүйлөгөн эл. 10-кылымда Түндүк – Батыш Кытайдын азыркы Шэньси аймагынын батыш бөлүгүндө жана Ганьсу аймагында жашашкан. Т. 982–1227-ж. Си Ся деген өз алдынча мамлекеттүүлүккө ээ болушкан. 1306-ж. иероглифтерден турган жазууну ойлоп табышып, мамлекеттик иш – кагаздарында пайдаланышкан. Таңгуттар Чыңгыз хандын аскерлерине өжөрлүк менен айбат көрсөтүшкөнү маалым. Таңгуттарды моңголдор каратып алгандан кийин алардын бир бөлүгү тибеттиктердин, калгандары моңголдор жана кытайлардын курамына кирген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]