Мазмунга өтүү

Таңуу

Википедия дан
Стерилдик таңуу
Манжасы таңылган кишинин портрети 1949-жыл.

Таңуу — денеге коюлган таңгакты бекемдөөчү каражаттар жана ыкмалар. Ал бекемдөө, кысуу (кан агууну токтотуу үчүн), дененин кандайдыр бир бөлүгүн кыймылдатпоо үчүн колдонулат.

Бекемдөөчү таңуу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бекемдөөчү таңуу турмуш-тиричиликте көп колдонулат. Туура таңуу үчүн бинттөөнүн эрежелерин билүү зарыл. Таңгак стерилденген материалдан таза жуулган кол менен коюлат; жарааттын айланасын спирт, йод же арак, атыр менен сүртүү зарыл. Таңуу үчүн көбүнчө стерилденип кагазга оролгон бинт колдонулат; эгер ал болбосо таза жана үтүктөлгөн кездеме же мурда пайдаланылган жана жууп үтүктөлгөн бинтти пайдаланса болот. Туура коюлган таңуу жараатты инфекциядан сактайт, андан чыккан кан, ириңди сиңирип алат, азыраак аккан канды токтотот, кыймылды убактылуу азайтып, ооруну басаңдатат жана башкалар.

Таңуу эрежелери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Таңгак жабыркаган жерди (мисалы, жараатты) толук жаап, бейтаптын тынчын алып өйкөп жоорутпай, өтө катуу таңылып кандын жүрүшүн кыйындатпагыдай жана оорутпагыдай болушу керек. Дененин таңылчу бөлүгү жылаңачталып, таңууга ыңгайлуу болууга тийиш, мисалы, бутту таңуу үчүн тизени бүкпөй, түз коёт; кол чыканагынан бүгүлүп, ийин артка тартыла, колдун манжалары бир аз бүгүнкү таңылат. Денени ичкерээк жагынан баштап (мисалы, кол менен бутту ылдыйтан өйдө карай) таңат. Сол кол менен таңылчу жерди сүйөп, оң кол менен бинтти жараатка солдон оңго (саат жебесинин жүрүшү боюнча) оройт. Алдыңкы жана кийинки оролгон бинт бири-бирин басып, андан аркылары мурункулардын жарым - жартылайын жаап, бекитет. Бинттеп бүткөн соң, анын учун эки ача кайрып же кесип байлап, же төөнөп (жарааттын үстүнө келтирбей) коёт. Чапталуучу таңуу операциядан кийинки жараатка, чыйканга жана башкалар колдонулат. Кебез-дакиден жасалган кичине жаздыкчаны жараатка коюп, үстүнөн даки менен жаап, четтерин денеге тийгизип, атайын желим менен чаптап коёт. Мындай таңуу денеге, бетке, моюнга коюуга ыңгайлуу. Кээде жабышкак пластырь менен да чапталат.

Контурдук таңуу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Контурдук таңуу адатта күйүктө пайдаланылат. Алар фабрикаларда кебез-дакиден атайын даярдалат. Анын жардамы менен дененин көп бөлүгүн дароо камтууга (соот, корсет, трусы жана башкалар түрүндө) болот. Контурдук таңуу оорутпайт, тез таңылат жана алмаштырып турууга ыңгайлуу. Тор кийгизип таңуу бинттөөгө караганда ыктуу, ошондуктан алар денеге (башта, муундарда, бут кетменинде жана башкалар) узакка жана бекем кармалат. Бул таңууну айрыкча манжаларга жасаган ыңгайлуу.

Жоолук менен таңуу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жоолук менен таңууга атайын үч бурч жоолук сыяктуу таңгак материал, ал жок болсо башка чүпүрөк же кадимки эле жоолукту колдонсо болот. Ал кол жабыркаганда колду моюнга асуу үчүн, бут кетменин, кол чеңгелин таңууда колдонулат. Үй шартында таңууну алмаштыруу жараатка инфекциянын түшүшүнө шарт түзүп, оорутат, канашы мүмкүн. Ошондуктан аны үйдөн алмаштырбоого аракет кылып, жылып кетсе үстүнөн жаңы таңгак менен байлап коюу керек. Таңуу дайыма таза болушу зарыл, иштегенде үстүнөн манжа кап, кол кап кийип алуу оң. Кысуучу (кан токтотуучу) жана кыймылдатпоочу таңуу жөнүндө кара Кан агуу, Иммобилизация макалаларын.

Таңгыч материалдар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Таңгыч материалдар — түрдүү жарааттарды таңуу үчүн колдонулуучу материалдар. Операция жасоодо, жараатты кайталап булгануудан сактоо, кургатуу, андан аккан канды токтотуу жана ириңден арылтуу үчүн таңылат. Таңгыч материалдар катарында атайын даярдалган (агартылган, майсыздандырылган), тез кургай турган, жумшак, нымды тез тартып алуучу кебез, даки жана башкалар колдонулат. Даки суюктукту (кан, ириң жана башкалар) жакшы сиңирет. Андан тампон, салфетка, бинт, шарча жасалат.

Бинттеп таңуунун түрлөрү: 1 — 2— колду айланта таңуу; 3— билекти спираль түрүндө таңуу; 4— кол манжаларын таңуу ыкмасы; 5— ийинди кайчылаш таңуу; 6— курсактын төмөн жагын жана чурайды кайчылаш таңуу; 7— бут кетменин кайчылаш таңуу; 8— кол манжаларын бинттеп таңуу; 9— колду кыймылдатпоочу Дезо таңуусу; 10— алаканды кайчылаш таңуу; 11— чыканакты кайчылаш таңуу.


Баш, колду бинт жана жоолук менен таңуунун түрлөрү: 1—3— башты таңуунун (Гиппократ шапкасы) ыкмалары; 4— астыңкы жаакты таңуу; 5— бир көздү таңуу; 6— кулакты таңуу; 7—8— ээкти жана мурунду кайчылаш таңуу; 9— колду жоолук менен моюнга асуу; 10 —11— кол чеңгелин жоолук менен таңуу ыкмалары.

Жарааттын үстүнө стерилденген (Асептика, антисептика) таңгак коюлат. Даки салфетка жана ным тарткыч кебезден турган таңгак жарадагы ириң, канды жакшы сорот жана кайта булгануудан сактайт. Ным тартпаган кебезди ысытуучу компресске жана шакшактын, гипстин астына коюу үчүн пайдаланса болот.

Колдонулган адабият

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8