Театр музыкасы

Википедия дан

Театр музыкасы – көркөм өнөрдүн башка түрлөрү менен бирдикте драмалык чыгарманын мазмунун ачып берүүдө колдонулуучу музыкалык чыгарма.

Ал көп кылымдык салтка ээ. Театр музыкасы Байыркы Грециядагы театр оюнун коштогон хорлордон, Индияэлдик театрдагы катхакала, якшагана, кытай операсы - цзацзюй, япониялык гагаку, бугаку, Батыш Европадагы мистерия, литургия драмасынан келип чыккан.

20-кылымда сахналык чыгарма менен музыканын ымалашуусу Театр музыкасы өнөрүнүн өөрчүшүнө шарт түздү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.