Тегусигальпа

Википедия дан

Тегусигальпа (исп. Tegucigalpa) – Гондурас Республикасынын борбору. Гондурастын борбордук бөлүгүндө, Чолутека дарыясынын өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 1000 м бийиктикте жайгашкан. Климаты тропиктик пассаттык. Январдын орт температурасы 19,6°С, июлдуку 22,6°Ска жакын. Жылдык жаан-чачыны 1047 мм. Калкы 1,1 млн (2010; агломерациясы менен 2,3 млндон ашык). Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн башкы экономикалык борбору. Тамак-аш, текстиль, тигүү, булгаары-бут кийим, жыгаччылык, эмерек, химиялык өнөр-жай ишканалары иштейт. География жана тарых академиялары, университет, улуттук музей бар. 1978-ж. негизделген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]