Тейиш

Википедия дан

Тейиш"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Темиркандын кенже уулу. Текес кандын иниси. Акылдуу, калыс баатыр катары сүрөттөлөт. Текес өлгөндөн кийин анын ордуна он сегиз жашында кан көтөрүлөт. Т-тин тоюнда эр сайышта Манас менен Сайкал беттешет, ат чабыш болот, эки эл элдешет (Сагымбай Орозбаков, 2. 47, 50, 60, 63, 64).Т. кан 17-кылымдагы тарыхый адам. Анын аты кыргыздын башка эпикалык чыгармаларында да ("Сейитбек", "Жаңыл Мырза") учурайт.Ч. Валиханов17-кылымдагы казак кандары тууралуу минтип жазат: "Жангирдин уулу, Ишимдин (кыргызча Эр-Эшим небереси Тауке) (кыргызча Тооке) Тиес (Тейиш) бийдин жардамы менен кыргыздарды бийлеп турган".

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4