Текесакал

Википедия дан

Текесакал (лат. Dodartia, L. 1753) – нopичниктер тукумундагы өсүмдүк уруусу. Көп жылдык чөп, бийикт. 15-30 (45) см., сабагы түбүнөн тартып чокусуна чейин көп бутактуу. Сабактын түп жагындагы жалбырактары тушташ, ал эми жогоркулары кезектешип жайгашкан, жалбырагынын жээги тегиз, уз. 1-5 см, туурасы 3-5 мм, ичке, тасмадай. Гүлдөрү жалгыздан, калемчедей сейрек топ гүлдү түзөт, желекчелери түтүкчөдөй, эки эриндүү, түсү кочкул кызыл, кочкул-кызгылт-көк. Мөмөсү көп уруктуу кутуча. Жер жүзүндө бир гана түрү (чыгыш Т.) адырда, арык, жол боюунда, аңызда өсөт, ошондой эле айдоодо отоо чөп катары зыяны бар. Ич алдырма дары катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]