Тектирчелүү мөңгү

Википедия дан

Тектирчелүү мөңгүБорбордук Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү.

Какшаал жана Кайыңды кырка тоолорунун тутумдашкан жеринде. Уз. 4,5 км2, туурасы 1,2 км, аянты 5,0 км2. Көйкап суусунун башаты – Теректинин төрүндө жайгашкан. Башы деңиз деңг. 5440 м, этеги 3560 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4480 м, абляция облусунун аянты 2,1 км2. Мөңгү Кайыңды кырка тоосунун тик капталдуу бөлүгүндө жатып, тууралжын жаракалар м-н өтө тилмеленген. Бири биринен кууш кашат аркылуу бөлүнүп, тектирчелерге окшош жатат. Мөңгү эки муз тармагынан куралат. Андан башталган суу Теректиге куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2