Тель-Авив

Википедия дан
Тель-Авив
Тель-Авив.

Тель-АвивИзраилдеги шаар. Жер Ортолук деңиздеги порт. Калкы 404,8 миң (2011, агломерациясы менен 3,4 млн). Алмаз кырдалат. Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн финансы борбору. Химиялык-фармацевтика, текстиль, машина куруу, тамак-аш, булгаары – бут кийим, полиграфия өнөр-жай ишканалары иштейт. Театрлар, музейлер, китепканалар ж. б. бар.

1909-ж. Яффа шаарынан түндүк тарапта негизделип, 1949-ж. экөө бириктирилип, азыркыдай аталып калган. Туризм өнүккөн. 2003-ж. шаардагы «Буурул шаар» архитектуралык ансамбли (1930-50) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]