Темза

Википедия дан
Темза (Лондон).
Темза.

Темза (Thames; кельт тилинен – кара) – Улуу Британиядагы эн ири дарыя. Узундугу 334 км, алабынын аянты 15,3 миң км2. Лондон түздүгү менен агып, Түндүк деңизге куярда жазылыгы 16 кмге жеткен эстуарийди пайда кылат. Темзанын 38дей куймасы бар. Орточо чыгымы 260 м3/сек, кышында кирет. Төмөнкү агымына деңиз ташкынынын таасири тиет. Жүк жана калкты ташууда транспорттук мааниси зор. Балык кармалат. Бристоль булуну, Ирланд деңизи жана өлкөнүн өнөр-жай борборлору менен каналдар аркылуу туташат. Боюнда Оксфорд, Лондон, Рединг шаарлары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]