Тенденция

Википедия дан

Тенденция, же тенденциялуулук (латын сөзүнөн – багыттуулук, умтулуучулук) – көркөм чыгарманын дайым бир идеялык-эстетикалык багыты, анын баалуулук ориентациясы; жазуучунун белгилүү бир социалдык позициясы, анын көркөм образдар аркылуу чагылдырылышы. Бир багытка ооп кетүүчүлүктү да тенденциялуулук деп атап, объективдүү эмес көрүнүш катары баалашат. Тенденциянын дагы бир мааниси каршылык көрсөтүү, каршы аракет кылуу) – кандайдыр бир кубулуштун ниет-каалоонун (Квинтенция), умтулуунун, максаттын өнүгүүсүн, ишке ашуусун камсыз кылуучу багыт жана өтмө мааниде мурдатан жаман ойдо болуп, кара ниеттик менен терс умтулууну, терс максатты таңуулоо, ишке ашыруу багыты (каршы тенденциялуу - тенденциозность); алдыга коюлган идеалга, максатка жетүү үчүн болгон күрөштөгү көз караштардын ишенимдердин багыты; кандайдыр бир окуунун, теориянын, көркөм адабият чыгармаларынын негизги идеяларынын багыты; кандайдыр бир процесстин өнүгүүсүн, жүрүшүн мүнөздөп ишке ашыруу багыты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004 [[Категория: Филология