Тепличный, Сузак району

Википедия дан

Тепличный, Сузак районуЖалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Таш-Булак айыл аймагына караштуу. Көгарт суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 760 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 8 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 7 км. Калкы 1000ге чукул (2011); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Кыштак 1986–90-жылдары таштак жерлерди өздөштүрүп, жылытма (теплица) кургандар үчүн атайын салынган айыл. Мончо, соода жайлары бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]