Теплоключенка заказниги

Википедия дан

Теплоключенка заказнигиЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мамлекеттик аңчылык заказниги. Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында. Каракол шаарынан 10 км чыгыш тарапта. Ак-Суу – Арашан сууларынын алабын ээлейт. Аянты 32,2 миң га. 1958-ж. уюшулган. Заказник ТКЭСтин Кызыл китебине кирген илбирс, саны азайып бараткан тоо эчки, доңуз, элик, улар, кекилик, кыргоолдорду коргоо жана көбөйтүү максатында түзүлгөн. Заказникте 2600 м бийиктикте, 1963-ж. түзүлгөн Алтын-Арашан курорту жайгашкан. Кызыл-Таш үңкүрү, Кашка-Суу жана Ала-Көл көлү, Күлдүрөк, Шаркыратма, Таш-Тектир, Арчалы-Тор шаркыратмалары, ошондой эле альпинисттерди кызыктырган Ак-Суу дубалы (5022 м) жана Советтик Россия чокусу (4900 м) бар. Теплоключенка заказниги Ысык-Көл менен таш жолу аркылуу байланышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]