Теректи мөңгүсү

Википедия дан

Теректи мөңгүсүБорбордук Тянь-Шандагы Көөлү кырка тоосунун түштүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Жаздын сол кумасы Теректи суусунун төрүндө жайгашкан. Узундугу 4,2 км, аянты 8,9, абляция областынын 3,9 км. Башы деңиз деңгээлинен 4900 м, этеги 3600 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4220 м. Мөңгүнүн этеги 300-400 мге чейин калың морена менен текши капталган. Мөңгүдөн Теректи суусу башталат.