Теректи тоосу

Википедия дан

Теректи тоосуБорбордук Теңир-Тоонун батышында. Теректи жана Үч-Көл сууларынын аралыгында кеңдик багытта жайгашкан. Узундугу 48 км, туурасы чыгышында 5–6 км, батышында 10–12 км. Эң бийик жери 4930 м (Баш-Көл суусунун төрүндө). Тоонун кыры зоокалуу келип, капталдары тик. Рельефине терең тилмеленген эрозия мүнөздүү. Мөңгүнүн жалпы аянты 30 км2 (көбү батыш бөлүгүндө). Ири мөңгүлөрү: Айлампа (узундугу 7 км), Сары-Эчки (5 км). Байыркы муз каптоонун издери сакталган. Силур менен девондун конгломерат, сланец, кумдук, акиташ тектеринен турат, астынкы карбондун гранит-диориттери жиреп чыккан. Ландшафты бийиктик боюнча өзгөрөт: 2900 ,иге чейин тоо жарым чөлү, 3300–3400 м бийиктикте субальп талаасы, шалбаалуу талаа, 3600–4000 мде альп шалбаа өсүмдүктөрү өсөт; 4000 жден жогору гляциалдык-нивалдык алкак жатат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]