Терек-Сай сурьма кени

Википедия дан

Терек-Сай сурьма кени, Терек сурьма кени Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда, Терек-Сай кыштагынын түндүк тарабында, Чаткал кырка тоосунун түштүк капталында, деңиз деңгээлинен 1570–1700 м бийиктикте жайгашкан. 1935-ж. табылган. 1940–66-жылдары мезгил-мезгили менен чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагында силур, девон жана карбон мезгилдеринде пайда болгон акиташ теги, мрамор, кристаллдуу сланец, кумдук, конгломерат, алевролит тектери жайгашкан. Бул тектер татаал бүктөлүүгө дуушарланып, субмеридиан багытындагы брахиоантиклиналь структурасын түзөт. Аларды диорит-гранит, ультрабазит-габбро-диорит интрузиялары жиреп чыккан. Чөкмө тектер интрузиянын таасиринен роговиктерге жана жаспероиддерге айланган. Сурьма кен ташы брекчияланган роговик менен акиташ тектеринин кошулган жеринде топтолгон. Кен таш тулкусунун узундугу 500-1200 м, калыңцыгы 1,0–15 м. Негизги минералдары: антимонит, пирит, чаңда сфалерит, буланжерит, жемсонит, арсенопирит ж. б. Герцин металлогениялык доорунда гидротермден пайда болгон. Сурьманын кен таштагы өлчөмү 1,69–7,66%, кээ бир кесилиште 17–18% ке чейин өзгөрөт. Алтындын өлчөмү 3,7–6,4 г/г, күмүштүкү – 2,1–9,6 г/г. Кен таштын Cj категориясы боюнча запасы 912 миң т. Сурьманын орточо өлчөмү 3,37%, запасы 30802 т. Алтындын орточо өлчөмү 9,1 г/т, запасы 7,6 т. Кен Терек-Сай рудниги тарабынан казылып алынууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]