Терек тоо

Википедия дан

Терек тоо - Алай кырка тоосунун ж-а Көксуунун (чыгыш) чыгышында, Кыргызстан м-н Кытайдын чегарасы аркылуу меридиан багытында созулуп жатат.

Уз. 60 км, туурасы 13 км. Орт. бийикт. 3800–4200 м, эң бийик жери 4767 м (Ытык чокусу). Тоонун кыры аска-зоокалуу; батыш капталы тик, жардуу, кокту-колот, капчыгайлар арбын. Силур, девон ж-а карбон мезгилдеринде пайда болгон акиташ теги, сланец, кумдук, базальттуу порфирит, туф, доломит, мрамор тектеринен турат. Субальп ж-а альп шалбаасы (3800 м бийиктикке чейин), түркүн чөптүү шалбаа ж-а шалбаалуу токой (арча м-н бадалдар; 2800–3100 м), гляциалдык-нивалдык ландшафттары мүнөздүү. Жайыт катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2