Терини ириңдетүүчү уу заттар

Википедия дан

Терини ириңдетүүчү уу заттар (мисалы, иприт) жай таасир тийгизет. Андан тери катмары, былжырлуу чел жабыркап, организмге жараат, дем алуу органдары, ичеги-карын аркылуу өтүп, айрым жерди же жалпы ууландырат. Териге түшкөндө ал жер кызарып, шишийт, кычышып, ачышат, бир суткадан кийин ыйлаакча пайда болот, ал ырбаак жарага айланат. Иприт көздү жабыркатып, сезгентет. Дем алуу жолуна түшкөндө өпкө сезгенет, ичеги-карынга түшсө аларда сезгенүү процесстери пайда болот. Көздү соданын 2%түү эритмеси менен жууп, ичеги-карынды 3 — 5 стакан суу ичирип кайра кустуруп, тазалоо зарыл.


Негизги макала Массалык жабыркатуучу куралдан коргоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8