Массалык жабыркатуучу куралдан коргоо
Көрүнүш
Массалык жабыркатуучу куралдан коргоо — массалык жабыркатуучу куралдын таасирин жок кылуучу же азайтуучу медициналык инженердик жана башкалар уюштуруу чараларынын комплекси. Массалык жабыркатуучу куралга ядролук, химиялык жана биологиялык курал кирет. М. ж. к. к. чаралар комплексине калкты коргонуу жана жеке сактануу ыкмасына үйрөтүү; калкты коргонуу каражаттары (противогаз, респиратор, жеке аптечкалар жана башкалар) менен жабдуу, душмандын кол салуусу жөнүндө өз убагында кабарлоо; калкты ири шаарлардан алып чыгуу; сыйынт-коргонч жана калканч жай куруу кирет.
Массалык жабыркатуучу куралдардын түрлөрү:
- Ядролук курал
- Абада согуу толкуну
- Жарык нурлануусу
- Радиация
- Радиоактивдүү булгануу
- Химиялык курал
- Шал кылуучууу заттар
- Жалпы уулантуучу заттар
- Терини ириңдетүүчү уу заттар
- Тумчуктуруучу уу заттар
- Психикага таасир тийгизүүчү уу заттар
- Биологиялык курал
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8@