Терме өрүм

Википедия дан

Бул — камчы өрүмү, татаал өрүмдүн бир түрү. Ал көбүнчө жыйырма төрт көк менен өрүлөт. Аны бирден басып, бирден өткөрүп, төрт кыр кылып коет.

Камчы үчүн муну алты тал аркылуу да өрүүгө болот. Бир көктү бир көк басып, бирөө үстүндө, бирөө астында кезектешип түшүп отурат. Тал ирээти менен жупташат да, ал сегиз курдай терилет. Мындай ыкма үчүн чеберлер ондон-жыйырма талга чейин көк тилет. Анда тал-талдар өтө ичке түшөт да, жыйырма көк ондон экиге бөлүнөт. Бир көктү үстүнөн, бир көктү астынан алат. Буга сай түшпөй, тал өзөктү айланта жүрүп отурат.

Өрүмчүлөр он тал көктү экиге бештен бөлүп, астынан бирден көктү үстүнө басып турат. Ал эми 12 тал термени экиден басууга да болот. Эгер 16 тал көк болсо, ал сегизден бөлүнүп, бирден жиги аркылуу карама-каршы басылып терилет да, текши «боорсок көз» (чарчы) болуп түшөт. Мунун бир талы үзүлсө, ал талды жиги аркылуу табууга мүмкүн эмес. Бул өрүм камчыланууга бышык да, сокмоктуу да келет.

Кээде камчы өрүмүнө он эки эле тал көк тилип, мында өрмөчү экиден бир тал кылып «терет» да, сегиз-он талды болсо, бирден-бир кылып басат. Айрым өрүмчү өрүмүн он талдан баштайт. Ал бештен экиге бөлүнүп, бирден көтөрүлүп, бирден басылат да, он тал тең, бөлүнүп, экиден көтөрүлүп бирден басылат. 12 талдан баштап, 32 тал көк менен бүтөт. Акыйкатта, 32 тал өрүм колу тетик, өнөрү жетик, көзү курч, зерикпей отурган, өз ишин сүйгөн чыныгы чеберлердин колунан келет. Мында өрүмчү «бурай басты», «илме басты» жана «буудай басты» деген эки колдун он манжалары тең аракетке келүүчү эң татаал өрүмдөрдү аткарат.

«Терме» — «терип өрүү» деген сөздөн чыккан. Айрым чеберлер бул өнөрдү жүзөгө ашыруу үчүн 10—12—14— 16—18—20—22—24 тал көк тилет. Мында тал көктөр бири-бирине кайчылаша түшүп отурат. Өрүм төрт чарчы тор өңдөнүп көрүнөт да, муну менен басмайылдын ортолорун да өрүүгө болот. Бул өнөр «терме өрүм» деп аталганы менен «калмак өрүмгө» жакын.