Термобатиграф

Википедия дан

Термобатиграф, кеме батитермографы - кеменин жүрүшүндө суунун тереддик боюнча температурасын ченоочу прибор.

Термобатиграфтын термоанемометрдик системасы суунун температурасын билдирет. Ал система прибордун куйрук жагындагы каркаска оролгон узун жез капиллярдан турат. Капиллярдын бир учу данакерленип, экинчиси манометрдик спираль пружинанын кыймылсыз учуна бекитилет. Капиллярдын жана пружинанын ичи толуол менен толтурулат. Темпертуpa өзгөргендө толуолдун көлөмү өзгөрүп, ага жараша манометр системасынын ичиндеги басым да өзгөрөт. Ошондуктан температуpa жогорулаганда манометр пружинасынын бош учу темп- ранын езгеруу чоддугуна пропорциялаш бурчка жанат, төмөндөгөндө толгонот. Пружинанын бош учуна данакерделген жебе температураны кееленгон айнек пластинкага жазат. Тереңдик билдиргич катары жылчыксыз жабылган сильфондор пайдаланылат.

Термобатиграф суунун температурасын 0,1° жана андан жогорку тактыкта аныктайт. Термобатиграф океанографиялык изилдееде, балык промыселдик чалгындоо кемесинде колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.