Термометрия

Википедия дан

Термометрия (термо... жана ...метрия) - колдонмо физиканын температураны өлчөө методдоруна жана өлчөгүч аспаптарга арналган бөлүмү.

Термометрия метрологиянын бир бөлүмү; милдети - өлчөөнүн бирдейлиги менентактыгын камсыздоо: температуралык шкалаларды, эталондорду түзүү жана температураны өлчөгүч приборлорду текшерүү, градуирлөө ыкмаларын иштеп чыгуу. температураны өлчөө методдору негизинен контакттуу жана контактсыз (нурлануу Термометриясы же пирометрия) өлчөө методу болуп айырмаланат. температура]]ны өлчөөчү приборлор негизги бөлүгүнн сезгичтигине жараша газдуу, конденсациялуу, суюктук, электр каршылыктуу, термоэлектрдик ж. б. болуп бөлүнөт. Газ термометри туруктуу көлөмдүү жана туруктуу басымдуу болуп айырмаланат. Алардын гелий, азот газдары пайдаланылган түрү менен термодинамикалык температура өлчөнүлөт. Өлчөөнүн бирдейлигин жана тактыгын камсыздоодо температуранын бирдигинин мамлекеттик эталону колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.