Термоэлемент

Википедия дан

Термоэлемент - ар түрдүү өткөргүчтөн же жарым өткөргүчтөрдөн турган жана термоэлектр кубулуштарынын бир түрүн практикада колдонууга мүмкүндүк түзүүчү электр тизмеги (тизмектин бөлүгү).

Өткөргүчтөрдүн бириктирилген учтары ар кандай температурада болгондо тизмекте э. к. к. (термо э. к. к.), ал эми тизмекти туюктаганда электр тогу пайда болот. Бул кубулуш (Зеебек эффектней) көбүнчө температураны же температурага айландырылып өлчөнө турган башка физикалык чоңдуктарды - газдын басымын, суюктук же газ агымынын ылдамдыгын, нымдуулукту, жарык энергиясынын агымын ж. б-ны ченөөдд колдонулат.

Өлчөө техникасында ал термопара деп аталат. Эгер Термоэлементке башка булактан ток жиберсек, бир учунда жылуулукту жутуу, экинчи учунда жылуулукту бөлүп чыгаруу байкалат. Ушул кубулушка (Пельтье эффектисине) термоэлектр тибиндеги муздаткычтардын, кондиционерлер жана термостаттардыни иштөө принциби негизделген. Алар тиричиликте, медицинада, электр-техникасында ж. б-да колдонулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.