Мазмунга өтүү

Терс, капчыгайы

Википедия — ачык энциклопедия

Терс, капчыгайы - Чаткал жана Терс тоолорунун ортосунда түштүк батыштан түндүк чыгышка 42км ге созулат. Таманынын туурасы Чаткал өрөөнүнө чыга берген жерде 2–3км, кууш жери ортоңку бөлүгүндө 300–500м. Жапыз жери 1500м, бийик жери 3100м бийиктикте жайгашкан. Капчыгай эрозиялык жана денудациялык процесстерден(жеткиликсиз шилтеме) пайдаболуп, көп бөлүгү кууш каньон(жеткиликсиз шилтеме) сымал. Ал аркылуу Терс (Чаткалдын сол куймасы) суусу агат. Жарым чөл жана талаа, бадал токойлуу шалбаа жана шалбаалуу талаа ландшафттары басымдуу.

АталышыТерс, капчыгай
Узундугу42км
Жазы жери2000-3000м,
Кууш жери300-500м
Бийик жери3100м
Жапыз жери1500м
  • [http:www.bizdin.kg/books/item/97-kg_geo Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энцклопедия борбору. Бишкек-2004.] ISBN 9967-14-006-2

Интернеттеги шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]