Мазмунга өтүү

Тест

Википедия дан

Тест - (англ. test – сыноо, текшерүү, байкоо жүргүзүү) – сыналуучунун (окуучу, инсан жана башка) психофизиологиялык өзгөчөлүгүн, билим, билгичтик жана көнүм деңгээлдерин кыска убакыттын ичинде аныктоого арналган каражат. Тест ички мазмунуна жараша стандартташтырылган тапшырма, аткарган функциясына жараша процесс деп да айтылат. Колдонуу чөйрөлөрүнө жараша тест психологиялык, педагогикалык жана кесиптик багыттарга бөлүнөт. Окуу процессинде колдонулуучу тест контролдоонун формасы катары аныкталат.
Адамды изилдөөдө, анын өзгөчөлүктөрүн ченөөгө жана баалоого, аларга мүнөздөмө берүүгө чоң маани берилет. Мына ушул ченөөнүн жана баалоонун бирден бир эффективдүү каражаты болуп тест эсептелет.

Инсандын өзгөчөлүктөрүн каражаттын жардамы менен ченөө проблемалары XIX кылымдын аягында психологдордун кызыгууларын пайда кылган.

«Адамдардын жөндөмдүүлүктөрүн жана алардын өнүгүшүн изилдөө» эмгеги тест тууралууу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Англиялык психолог Ф. Гальтондун 1883-ж. жарык көргөн «Адамдардын жөндөмдүүлүктөрүн жана алардын өнүгүшүн изилдөө» эмгегинде төмөнкүдөй теориялык тыянак чыгарылган:

  1. көп сандаган сыналуучуларга бир канча сыноо жүргүзүүгө болот;
  2. сыноонун жыйынтыгы статистикалык жол менен иштелип чыгат;
  3. жыйынтыгы эталондук үлгүнүн негизинде бааланат. 1890-ж. америкалык психолог Ж. Кеттел тест ыкмасын негиздеп чыгып, «тест» терминин сунуш кылган. Тесттин алгачкы колдонуулары психологиялык багытта болгон. XIX кылымдын 90-ж-дан баштап окуучунун билим-көндүм деңгээлдерин аныктоо максатында тесттин педагогикалык багыты жолго коюла баштаган. Тесттин педагогикалык багытта (жетишкендик тесттери) кенен колдонулушу француздук окумуштуулар А. Бинэ жана Т. Симондун эмгектерине таандык (1905–1908-ж). Ушул жылдары окуучулардын практикалык жана таанып билүү аракеттерин ченөө үчүн интеллектуалдык шкалалар иштелип чыккан. XX кылымдын башынан тартып, мектеп предметтерине арналган тесттик тапшырмалардын алгачкы жыйнактары басмадан жарык көрүп, окуу процесстеринде колдонула баштаган. 1915–1917-ж-дары америкалык психолог Р. Йеркестин изилдөөлөрүнүн натыйжасында ар бир тапшырманын «салмагына» жараша балл ыйгаруу сунушталып, сыноонун жыйынтыгын баллдык системанын негизинде чыгаруу кабыл алынган. 1915-ж-дардан баштап, мекемелерге ылайыктуу адисти тандап алуу аракетинде кесиптик тесттер түзүлүп, турмушта пайдаланыла баштаган.

Тесттин тарыхы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Совет өлкөсүнүн мектеп практикасында тестти колдонуу 1920-жылдарга туура келет. Окуу процессинде тест педагогикалык кызматтын методу катары милдет аткарган. П. П. Блонский, С. И. Архангельский, Е. Гурьянов, К. Н. Корнилов жана башка окумуштуулар тесттин советтик билим берүү системасына кенен жайылтылышына зор өбөлгө түзүшкөн. Бул жылдары тесттин тапшырмаларынын түрлөрүн тактоо, аларга коюлуучу талаптарды аныктоо маселелери изилденген. Бирок, ВКП(б) БКнын 4. 07. 1936-ж-дагы «Наркомпросстордун системасындагы педологиялык бузуулар тууралуу» аттуу токтомунун негизинде тестти билим берүү системасында колдонууга тыюу салынган. Кийин, 60-ж-дары программаланган окутуунун бардык өлкөлөрдө жайылтылышы менен бир катар тестке дагы кайрадан көңүл бурула баштаган. 60-ж-дардын аягынан тартып тестти билим берүү системасында колдонуу (нормалык жана критериалдык тесттер) маселеси күч алды. Тестти өнүктүрүү жана кеңири колдонуу максатында өлкөлөрдө тест жүргүзүү боюнча борборлор уюштурулган.

Тесттин талаптары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тест сыналуучунун өзгөчөлүктөрүн объективдүү аныктоочу каражат. Ошол себептен тестке бир канчалаган талаптар коюлат:

  1. тесттин бардык текшерилүүчү өзгөчөлүктөрдү камтып, ар бир сыналуучуга жекече варианттагы тапшырмаларды ыйгарууга ылайык болушу;
  2. тесттин мазмуну текшерилүүчү өзгөчөлүктөргө шайкеш келүүсү;
  3. тапшырмалардын сыналуучу үчүн анык, түшүнүктүү, эки ача мааниде болбой, деңгээлдүү тартипте болушу;
  4. варианттардын бирдей татаалдыкта түзүлүшү.

Тестирлөө – алдын-ала түзүлгөн, апробацияланган тапшырмаларды колдонуу менен сыналуучунун өзгөчөлүгүн аныктоо. Тестирлөө аткаруучу функциясына жараша уюштурулат. Тестирлөөнү уюштурууда ыйгарыла турган тапшырмалар, уюштуруу орду, убакыт алдын ала белгиленет. Тестирлөө алдында тапшырмаларды аткаруу, жооп-баракчаларын толтуруу ирети, тестирлөө убактысы боюнча сыналуучуларга инструктаж өткөрүлөт. Тестирлөөгө берилген убакыт аяктагандан кийин, сыналуучулардын аткаруу иштери жыйналып алынат, математика-статистикалык методдун негизинде жыйынтыктары чыгарылат, кийинки учурда аткарылуучу иш-аракеттер белгиленет.

Психологияда жана кесип тандоодо сыналуучунун психофизиологиялык кесиптик жөндөмү аныкталат. Билим берүү жаатында сыналуучунун билим деңгээлин аныктоо максатында колдонулат.
Мектептердин окуу-тарбия процессинде тестирлөө педагогикалык диагноздоонун бирден бир эффективдүү каражаты деп эсептелет. Окуучунун алдын-ала билимин текшерүүдө тестирлөө контролдоонун диагноздоочу жана мотивациялык функцияларын аткарат. Күнүмдүк контролдоону уюштурууда тестирлөө аркылуу тескери байланыш, диагноздоочу, коррекциялоочу, окутуучу жана өнүктүрүүчү функциялары ишке ашырылат. Ал эми темалык жана жыйынтык контролдоону уюштурууда тестирлөөнүн аткаруучу негизги функциялары болуп баалоочу, текшерүүчү жана өнүктүрүүчү функциялары эсептелет.

Тестирлөөнүн этаптары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тестирлөөнү уюштуруунун этаптары – төмөнкүдөй иш-аракеттерди камтыйт:

  • тестирлөөнүн максатын жана мазмунун аныктоо;
  • тесттик тапшырмаларды түзүү;
  • жыйынтыктоочу материалдарды алдын ала даярдоо;
  • тестти репрезентативдүү тандалган сыналуучуларга апробациялоо, тесттин сапатын арттыруу;
  • сыноону уюштуруу;
  • жыйынтыгын чыгаруу жана интерпретациялоо.

Тесттин сапатын арттыруу - тест тапшырмалары түзүлүп, алар апробациялангандан кийинки аткарылуучу иш-аракеттер. Тестирлөө сапатын арттыруучу негизги иш аракеттер болуп тесттин жарамдуулугун (валиддүүлүк), татаалдык даражасын, ишенимдүүлүгүн жана айырмалоочу күчүн аныктоо эсептелет. Жарамдуулук - текшерүүнүн максатына тесттин адекваттуу болушу жана текшерилүүчү материалдын мазмунун толук камтый алышы, башкача айтканда эмнени текшерүү максат кылынган болсо (билим, билгичтик жана көндүм), тесттик тапшырмалардын ошого шайкеш түрдө түзүлүшү.

Тест сапатын арттыруу сыналуучунун билимдери жана билимдер колдонулган таанып-билүү аракеттери текшерилет. Ошол себептен жарамдуулук мазмундуу жана функционалдык болуп бөлүнөт. Мазмундуу жарамдуулукту аныктоодо:

  1. текшерилүүчү предметтин, бөлүмдүн мазмуну изилденет,
  2. аныкталган билимдер жана билим элементтери тапшырмада камтылуу даражасы текшерилет,
  3. жарамдуулук деңгээли (жогору, орто, төмөн) аныкталат.

Тесттин жыйынтыгын аныктоо

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Функционалдык жарамдуулукту аныктоодо тест тапшырмаларында таанып билүү аракеттери канчалык деңгээлде камтылгандыгы айкындалат. Тесттин татаалдык даражасын аныктоо максатында тест камтыган ар бир тапшырма анализденет. Сыналуучунун ээ болгон тиешелүү чийки (кам) баллдарына (упайларына) жараша ар бир тапшырманы аткаруу пайызы, тапшырманын оордугу же жеңилдиги статистикалык методдордун негизинде анализденет. Туура жообун тандап алууга ылайыкталган (көптөн тандама) тапшырмалардын ар бир даяр жоопторун тандап алган сыналуучулардын саны дагы анализденип, начар тапшырманы оңдоо, же болбосо анын ордуна башка тапшырмаларды түзүү керектиги айкындалат. Тесттин татаалдык даражасына жараша аны массалык сыноолордо (мисалы, кабыл алуу экзамендери), же болбосо окуу процессинде колдонуу маселеси чечилет. Изилденүүчү өзгөчөлүктү канчалык деңгээлде так аныктап бере алышы тесттин ишенимдүүлүгү деп айтылат Ишенимдүүлүктү аныктоо үчүн төмөндөгүдөй ыкмалар колдонулат: 1) Бир нече убакыт өткөндөн кийин, бирдей шартта тестирлөө кайрадан уюштурулат (ретест). Эгерде мурдагы сыноонун жыйынтыгына барабар же жакын жыйынтык алынган болсо, анда тест ишенимдүү деп эсептелет; 2) Бирдей деңгээлдеги тесттердин эки варианты сунуш кылынат, эгерде экөөнүн жыйынтыгы бирдей болсо, анда тест ишенимдүү; 3) Бир эле тест бирдей деңгээлдеги эки группага сыналат, алынган жыйынтыктар бири-бирине жакын болсо, тест ишенимдүү деп эсептелет; тапшырманын айырмалоочу күчү (тапшырманын күчтүү сыналуучуларды начар сыналуучудан айырмалоо сапаты) түзүлгөн тапшырманын сапаттуулугун текшерүүнүн каражаты деп эсептелет. Эгерде күчтүү сыналуучулардын бир тапшырмадан алган баллдарынын (упайлары) пайызы менен начар сыналуучулардын ошол тапшырмадан алган пайызынын айырмасы 0,3 төн (же 30%тен) жогору болсо, мындай тапшырмалар сапаттуу тапшырмалар болот. Эгерде айырма 30%тен төмөн болсо, андай мындай тапшырмаларды оңдоо же алмаштыруу талап кылынат.

Тесттин өзгөчөлүктөрү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тест өзгөчөлөнгөн касиетке ээ:
1) тест өзгөчө процедураларды камтыйт, тестти уюштуруу алдын-ала ил. түрдө аныкталган этаптардын негизинде жүргүзүлөт;
2) тест оперативдик тескери байланышты камсыз кылат, анын негизинде окуучунун билими, аракеттери тууралуу мугалимдер тез аранын ичинде маалымданат;
3) тест прогноздоочу белгиге ээ, башкача айтканда сыналуучунун алдыдагы ээ боло турган деңгээлдери, аны менен бир катар окуу материалын окуучу кандай өздөштүргөн болоору алдын ала прогноздолот;
4) тапшырмаларды түзүү этабы менен параллелдүү түрдө окуучу жооп бере турган билим-көндүм критерийлери, тапшырманы аткаруусуна жараша окуучуга ыйгарылуучу баллдар, билим өздөштүрүү коэффициенттери, ар кандай формадагы жолдомо-көрсөтмөлөр пландаштырылат;
5) жыйынтыгынын оперативдүү маалымдалышынын негизинде окуучунун билим актуалдуулугу артат;
6) жыл бою окуу процессинде окуучунун билим өздөштүрүүсүнө, билим өсүшүнө байкоо жүргүзүү (мониторинг) мүмкүнчүлүгүнө дагы ээ;
7) тестирлөө процесси - массалуулуктун шартындагы жекече контроль жүргүзүүнүн артыкчылыгын далилдей алат.

Тесттин колдонуу багыттары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тест психологиялык, педагогикалык жана кесиптик багытта колдонулат. Тестирлөөнүн психологиялык багыты инсандын психологиялык өзгөчөлүктөрун изилдөөгө арналган жана мындай тесттерди жалпы жонунан психодиагностикалык тест деп аталат. Психодиагностикалык тест психологиялык эксперимент катары пайдаланылат, анын жардамы менен так аныкталган шартта стандартташтырылган тапшырмаларды сунуштоонун негизинде сыналуучунун психологиялык өзгөчөлүктөрү, белгилери аныкталып, изилденет. Психодиагностикалык тесттерди түзүүнүн жана практикада колдонуунун теориялык негиздерин иштеп чыгууга чет элдик окумуштуулар Ф. Гальтон, Дж. Кеттел, А. Бинэ, Г. Мюнстерберг, А. Анастази, советтик психологдор П. П. Блонский, Л. С. Выготский, А. Смирнов, Б. М. Теплов жана башка чоң салым кошкон.

Психо - диагностикалык тесттин түрлөрү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы учурда психо - диагностикалык тесттин төмөнкүдөй түрлөрү практикада кеңири колдонулат:
Жалпы акыл жөндөмдүүлүктөрүн аныктоочу тесттер, буга инсандын акыл деңгээлдерин аныктоочу, маалыматтарды акылга сактоо даражасын иликтөөчү, инсандын демөөргө (стимул) карата реакциясынын ылдамдыгын, деңгээлин изилдөөчү, ой жүгүртүү байлыгы, башкача айтканда жалпы акыл өнүгүшүнүн деңгээлин аныктоочу тесттер кирет;

Сыналуучунун айрым бир жөндөмдүүлүгүн аныктоочу тесттер, мында инсандын айрым иш аракеттери, акыл жөндөмү изилденет. Мисалы, окуучунун математикалык жөндөмүн аныктоо жана башка;
Инсандын сапаттык өзгөчөлүктөрүн аныктоочу тесттер, мисалы, физиологиялык өнүгүүсүн изилдөө, материалды, же ыкмаларды өздөштүрүү темпи, тактыгы, кызыгуулары, мамилеси, мүнөзү жана башкалар.

Психодиагностикалык тесттин жыйынтыгы менен ар кандай мазмундагы таблицалар, диаграммалар түзүлүп, ар бир окуучуга, инсанга кийинки учурларда кандай жардам көрсөтүү керектиги, инсандын жана окуучунун өзү кандай аракеттерди жасоо керектиги тууралуу түшүндүрмөлөр иштелип чыгат.

Окуучулардын деңгээлин аныктоо үчүн тесттер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тестирлөө системасынын педагогикалык багыты окуучунун билим деңгээлин аныктоого, билими боюнча ар бир окуучунун класстагы ордун аныктоого, билим баалоого жана билим берүү сапатын аныктоого негизделген (педагогикалык, дидактикалык тесттер).

Кесиптик тесттер мекемелер үчүн ылайыктуу адисти тандап алууда, кесип тандоодо колдонулат. Мындай тесттердин алгач пайда болушуна жана теориялык негизин түзүүгө америкалык адистер Ф. Тейлордун жана Ф. Гильберттин, француздук психолог Я. Амардын, советтик окумуштуу-психологдор К. М. Гуревич жана К. К. Платоновдун эмгектери өбөлгө түзгөн. Изилдөөлөрдө өндүрүшкө, мекемелерге жарактуу адисти тандап алуу үчүн инсандын физиологиялык жана психологиялык өзгөчөлүгү, сапаты өзгөчө мааниге ээ экендиги баса көрсөтүлгөн. Инсандын кесипке жарактуулугун текшерүүдө бирин-экин сапатына гана басым жасоо жетишсиздик кылат. Демек анын ар кандай өзгөчөлүктөрүнө, касиеттерине комплекстүү түрдө анализ кылуу талап кылынат. Инсандын кесипке жарактуулугун текшерүү багытында анын ден соолугу, жалпы жана атайын жөндөмдүүлүктөрү, даярдыгы (билими, аракеттеринин деңгээли), эрктүүлүгү жана эмгектенүү сапаттары эске алынат. Анын негизинде тесттик тапшырмалар түзүлүп, экспертизадан өткөрүлөт. Кесиптик тесттерди уюштуруу иштери төмөндөгү принциптерге таянат:

  • Тандап алуунун бирдиктүүлүгү, башкача айтканда бардык сапат эске алынышы керек;
  • Инсандын ар тараптан изилденүүсү;
  • Инсандын өнүгүү динамикасынын изилдениши;
  • Инсандын иш аракеттериндеги активдүүлүгү.

Тесттин түрлөрү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыноо уюштуруунун дүйнөлүк практикасында, кээ бир өзгөчөлүктү негиз кылып алуунун натыйжасында тесттер бир нече түрлөргө бөлүнгөн.

Инсандын психологиялык сапаттарын негиз кылып алууда тесттер жалпы акыл жөндөмдүүлүктөрүн аныктоочу, айрым бир жөндөмдүүлүктү аныктоочу, креативдүү, личносттук жана жетишкендик тесттери деп бөлүнүшөт. Уюштуруу тартиби боюнча стандартташтырылган жана стандартташтырылбаган тесттер кездешет. Аткаруу милдеттери боюнча тесттер жалпы диагностикалык, интеллектуалдык, жөндөмдүүлүктү аныктоочу деп бөлүнүшөт. Текшерилүүчү предметтерге жараша гомогендүү жана гетерогендүү, сөз катышын эске алуу менен вербалдык жана вербалдык эмес деп бөлүнөт. Мындан тышкары объективдүү тесттер чет элдик тестирлөө практикасында кездешет.

Тесттин формалары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыноону уюштуруунун сырткы көрүнүш белгилерин эске алуу менен (сыноо убактысы, окуучулардын саны, уюштуруу орду жана ирети) тесттин төмөнкүдөй формалары негизделген.

  1. Аракеттенүү тесттери. Сыноодо окуучунун ар кандай куралдар, материалдар менен аракеттенүүсүнүн сапаты текшерилет. Мисалы, окуучунун сүрөт боюнча керектүү деталдарды чогултуу аракеттери, кенже окуучулардын фигураларды класс-группа боюнча иреттештирүүсү, карта боюнча сыналуучулардын ориентирлери, дене-тарбия сабагында окуучунун норманы аткарууга карата аракети, информатика сабагында окуучунун компьютер менен аракеттенүүсү.
  2. Бланкалык тестирлөө. Алдан-ала даярдалган бланкаларда же баракчаларда сыналуучуга ыйгарыла турган тесттик суроолор жана тапшырмалар келтирилген. Баракчалардын бош жерлерине же болбосо кадимки эле дептердин баракчаларына тапшырмаларды аткаруу сунуш кылынат. Окуучулардын тапшырмаларды аткаруусу, жоопторун жазуу ирети боюнча мугалимдер тарабынан атайын инструктаж өткөрүлөт. Даяр жооптору бар тапшырмаларды аткарууда окуучу туура деп эсептеген жооптун номерин тегеректейт. Жообун берүүгө ылайыкташкан тапшырмаларды аткарууда окуучу бланкадагы же баракчадагы бош орундуктарга жоопторун жазат. Жыйынтыгы алдын-ала даярдалган «ачкыч» аркылуу текшерилет.
  3. Компьютердик тест. Компьютер тарабынан тапшырмалар ирети менен экранга чыгарылат. Тапшырманын жооптору сыналуучу тарабынан клавиатура аркылуу же болбосо «мышь» аркылуу белгиленет. Ар бир берилген жоопту “ачкыч” аркылуу салыштыруу менен, компьютер улам кийинки тапшырманы сунуш кылат. Сыноо аяктагандан кийин статистикалык маалыматтар, коюлуучу баалар, жыйынтык материалдар экран же принтер аркылуу сунуш кылынат.
  4. Оозеки тестирлөө. Чет элдик билим берүү системасында окутуунун айрым бир этаптарында колдонулуучу тестирлөөнүн бир формасы болуп эсептелет. Бөлүм-темалардагы негизги түшүнүктөрдүн калыптанышы, аныктамалардын өздөштүрүлүшү, гуманитардык-сүйлөмө сабактарда кай бир окуялардын-мезгилдердин, эрежелердин жана терминдердин туура чечмелениши текшерилет. Окуучулар оозеки жооп берип, мугалимдер жооп берүү критерийлеринин негизинде сыналуучунун билимдерин баалашат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004.