Тетуан

Википедия дан
Тетуан.

ТетуанМарокконун түндүгүндөгү шаар. Калкы 352,4 миң (2010). Жыгаччылык, металл иштетүү, тамак-аш (анын ичинде балык беленделет), текстиль, курулуш материалдар өнөр-жай ишканалары иштейт.

Шаар дубалдары, касба-чептер (15-кылым, 17–18-кылымдарда кошумча курулуштары курулган), ак сарай (17-кылым, 20-кылымда реконструкцияланган), Чоң мечит (17-кылым) салынган. Археологиялык, искусство музейлери бар 1997-ж. Шаардын эски бөлүгү (медина) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]