Тең атанын уулу

Википедия дан

Тең атанын уулу — туугандыгы жагынан жакын болуп, бирдей даражада, бирдей укукта болуу. Бир атадан тараган балдардын балдары деген мааниде айтылат. "Манас" эпосунда "Жети кан куралып, Манаска кылмак болуп кеңешкени" деген окуядагы:

Тең атанын уулубуз,

Теңиринин кулубуз,

Таягын жеп, тил угуп,

Тарап кетип тим болсок,

Теги болбос мунубуз (Сагымбай Орозбаков, 4. 10) деген саптардагы Т. а. у. жогоруда айт;ылган маанини билдирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4