Тикен баштуулар

Википедия дан
Cathayacanthus spinitruncatus.

Тикен баштуулар (лат. Acanthocephala) - мите курттар классы.

Алар омурткалуулардын ичегисинде жашайт. Денеси созулуңку, уз. 1-65 см. Тумшугунда тикендери бар, аны менен ээсинин ичеги капталына жабышат. Тикен баштуулардын ичегиси жок, бут денеси менен азыктанат. Бөлүп чыгаруу органы жөнөкөй канал (протонефридий) тибинде. Нерв системасы мээ түйүнүнөн жана андан тараган нервдерден турат. Тикен баштуулар айрым жыныстуу. Өөрчүшү метаморфоз жана ээсин алмаштыруу менен өтөт. Аралык ээси - рак сымалдар жана курт-кумурскалар.

Тикен баштуулар көп жуккан балык, куш жана сут эмүүчүлөр өлүмгө дуушар болот, кээдө кишиге да жугат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.