Тикен куйрук ийнелик

Википедия дан

Тикен куйрук ийнелик (Sonjagaster coronatus), (Morton, 1916) - Түрчөнүн бардык популяциялары чачыранды, анча чоң эмес, күчсүз. Зоогеография жана регионалдык генофондду окуп үйрөнүү жана сактоо үчүн маанилүү. S. coronatus мурда Cordulegaster insignis (Schneider, 1852) түрчөсү катары эсептелип , 1984-жылы СССРдин Кызыл китебине III категория менен киргизилген . Көргөндө таасирлүү, жаратылышты кооздоп турган түр, энтомофаг. Республиканын фаунасындагы ушул тукумдун жалгыз өкүлү. ==Түрдүн жетилген стадиясынын сырткы түзүлүшү==Ири ачык түстөгү ийнелик, сары фондо өзгөргүч кара сүрөтүү бөлүкчөлөрү бар. Денесинин узундугу 55–74 мм, алдынкы канаты 40– 49 мм. Көздөрү бир чекитте тийишип жанаша жайгашкан. Ургаачысы эркегинен чоңураак, жыныстык диморфизм анча өнүккөн эмес. Жумуртка салгычы чоң, аналдык өсүндүсүнөн бир топ узун. ==Жалпы жана өлкөдө таралышы==Тянңшанң, Памир, Алай Гиндукуш (Өзбекстан, Тажикстан, Афганистан, Кыргызстан, Түштүк Казакстан) . Кыргызстанда: Лейлек өзөнүнүн капчыгайы (Түркстан тоо кыркасы) жана Эчкилүү тоо кыркасы , Бешарал коругу (Чаткал дарыясынын оң жээги), Сарычелек коругу , Атойнок тоо кыркасы (Күрпсай капчыгайы), ошондой эле Тар суусунун бассейнинде да (Карой капчыгайы) кезигиши ыктымал. Ысыккөл коругунда көрсөтүлүшун такталышы зарыл.

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Имаго алдындагы фазасы көпчүлүк учурда муз менен кардан пайда болгон тоо булактарында өнүгүүгө жөндөмдүү ийнеликтин Орто Азия тоолорундагы жалгыз түрү . Бирок кар менен булактан азыктанган, жылуурак, таза өзөн сууларды кыйла артыгыраак көрүшөт. Эч качан түздүктөрдө кездешпеген, кадимки тоо жандыгы . Кыргызстанда агын суулардын төмөнкү жана ортонку зооналарында кездешет, деңиз деңгээлинен 800–2000 м бийиктик алкагында катталган. Тукумдагы ийнеликтердин личинкалары таза агын сууларда жашайт, жырткыч, суунун түбүндөгү кум-чополорго көмүлүп алышат.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Саны кыскарууга багыт алган табигый сейрек кездешүүчү түр. Күрпсай өзөнүнүн капчыгайында , суу жээктеген токой биоценозунда имагонун популяциясынын тыгыздыгы гектарына 3,5 даанага жеткен. Эркеги популяцияда ургаачыларына караганда эки эсе көп. ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Личинкасынын өнүгүү мөөнөтү белгисиз. Имагосунун учуусу майдын аягынан июлдун аягына чейин. Ургаачылары учуу маалында тайыз суулардын түбүнө болжол менен 140ка жакын жумуртка таштайт . Эркектери үчүн аймактык жүрүм- турум мүнөздүү.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Агын суулардын булганышы жана алардын ар кандай себептер менен соолуп калышы.

Көбөйтүү (колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдо асыроо жүргүзүлгөн эмес.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жердеген жерлери Сарычелек коругунун коргоосунда турат ошондой эле формалдуу түрдө Бешарал коругуна да кирет .

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Агын сууларды булгануудан жана соолуп калуудан алдын алуу, личинкаларынын жашоо тиричилигин кененирээк изилдөө жана ареалын тактоо зарыл.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

II категория (VU A4bc; B2b(iii,iv); D2). Саны кыскарууга багыт алган белгилүү гана жерлерде кездешүүчү түр.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]